Астана шаарында ШКУнун тышкы иштер министрлеринин отуруму өтөт

  • 2 месяца мурун

ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны 2024-жылдын 21-майында Астана шаарында өтөт.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.

20-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстанга барды.

ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрле жыйынында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумун даярдоо, ШКУнун учурдагы абалын жана ишмердүүлүгүнүн келечегин талкуулап, актуалдуу эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты