Астана шаарында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт  

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы бир катар жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат. 

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 

Сапардын алкагында мамлекет башчы 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат.  14-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошол эле күнү Президент “Борбор Азия – Россия” форматындагы 1-саммитке катышат. 

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия – Россия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты