Астана санкциялык тизмедеги орусиялык олигарх Казакстандан учак сатып алганын четке какты

  • 4 месяца мурун

Казакстандын Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация комитети орусиялык олигарх Олег Дерипаска казак компаниясынан бизнес-жет сатып алганы тууралуу маалыматты четке какты.

Мекеменин билдирүүсүндө Дерипаскага тиешеси бар компания батыш өлкөлөрүнүн санкцияларын Казакстан аркылуу кыйгап өтүп, Falcon 7X үлгүсүндөгү учакты сатып алганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганы жазылган.

«Учактын бул үлгүсү буга чейин Казакстандын жарандык учактар реестринде эч качан болгон эмес. Бүгүнкү күнгө карата Irtysh Air авиакомпаниясынын жарандык учактарды колдонуу боюнча сертификаты жок жана дээрлик 10 жылдан бери учууларды аткарбайт. Авиакомпанияда аталган учактын үлгүсү эч качан колдонулган эмес» деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

Буга чейин Орусиянын «Вёрстка» басылмасы олигарх Олег Дерипаскага тиешеси бар жана батыш өлкөлөрүн санкциялык тизмесине киргизилген «Арсенал» компаниясы 2022-жылдын 24-февралынан кийин казакстандык Irtysh Air авиакомпаниясынан 35,8 миллион долларга Falcon 7X үлгүсүндөгү бизнес-жет сатып алганын жазган.

Басылманын журналисттери Бажы комитетинин статистикалык маалыматтарына таянып, бизнес-жет Орусияга 2023-жылы февралда кирип, «Арсенал» компаниясына катталганын аныкташкан.

«Вёрстканын» маалыматына ылайык, андан бери Falcon 7X учагы аткарган айрым каттамдар Дерипаска барган жерлерге дал келген. 2023-жылы сентябрда Дерипаска катышкан Чыгыш экономикалык форуму өткөн күндөрү учак Владивостокто болгон. Ушул эле жылы 27-ноябрдан 1-декабрга чейин учак Бээжин шаарында токтоп турган. Бул күндөрү Кытайдын баш калаасында Орус-кытай достук комитетинин жыйыны өтүп, ага Олег Дерипаска да барган.

Дерипаска Орусиянын президенти Владимир Путиндин долбоорлорун каржылаганы үчүн 2018-жылы апрелде АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген. 2022-жылы Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Европа биримдиги менен Улуу Британия да Дерипаскага санкция салган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты