Астана «Россия 1» каналындагы «Казакстан – кийинки маселе» деген билдирүүгө жооп кайтарды

  • 1 год мурун

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко кремлчил эксперттин  “Украинадан кийинки проблема – Казакстан”  деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Буга чейин соцтармактарда “Россия 1” телеканалынын “Вечер с Владимиром Соловьевым” аттуу программасындагы берүүдөн үзүндү жарыяланган. Анда орусиялык саясат таануучу Дмитрий Дробницкий Казакстанда да Украинадагыдай нацисттик процесстер башталышы мүмкүн экенин билдирип, “Украинадан кийинки маселе – Казакстан” деп айткан.

“Биринчиден, бул Орусия бийлигинин расмий позициясы эмес деп ойлойбуз. Экинчиден, бул Казакстан менен Орусиянын салттуу тыгыз карым-катнашына доо кетирет. Үчүнчүдөн, Орусия бийлиги буга тиешелүү реакция жасаса – туура болот деп эсептейбиз” деди Роман Василенко.

Орусия президенти Владимир Путин февралда Украинага атайын операция жасоонун бир себеби денацификация (нацисттик идеологиядан арылтуу) экенин билдирген. Карапайым жарандар муну жакшы тушүнбөгөндүктөн орус бийлиги бул терминди сейрек колдонуп калды.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты