Аскар Туленов каналда сууга агып бараткан баланы куткарып калды (Видео)

“Түндүкэлектро” ачык акционердик коомунун Жайыл РЭТинин кызматкери Аскар Туленов сууга агып бара жаткан баланы куткарып калды.

Бул тууралуу «Түндүкэлектродон» билдиришти.

Окуя 25-июль күнү саат 18:00дөр чамасында Жайыл районунун Сосновка айылында болгон.

Электркуроочу Аскар Туленов иш күнүнөн кийин жолдоштору менен каналдан алыс эмес жерде болушкан.

Ошол маалда алар тестиер баланын сууга түшүп кеткенине күбө болушкан. Суунун агымы катуу болгондуктан суу баланы бат эле алып кеткен. Аскар ошол замат сууга кирип, өспүрүмдү суудан алып чыкты.

21 жаштагы Аскар Туленов эки жылдан бери Жайыл РЭТинде электркуроочу болуп эмгектенип келет, сууда сүзүү боюнча спорт чебери. Атасы Кара-Балта шаарындагы бассейнде сууда сүзүү боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты