Аскар Акаевдин КТУдагы лекциясы алынып салынды  

  • 12 месяцев мурун

Мурдагы президент Аскар Акаевдин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги лекциясы алынып салынды.

Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын энергетика кафедрасынан Kaktus.mediaга билдиришти.

Лекцияны алып салуу боюнча боюнча чечимди Кыргыз мамлекеттик техникалык университинин ректору Мирлан Чыныбаев кабыл алганы белгиленди.

Буга чейин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери окуу жайда мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршылык билдирип чыгышты.

Алар 21-майда окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдоп, анын тексти студенттердин Телеграмм каналына жарыяланды.

Студенттердин бири Элхан Алыбаев Телеграмга «Акаевдин качандыр бир келечегин уурдап алган жаш муундун алдында лекция окуу дымагын мен шылдыңдоо катары эсептейм» деп жазды.      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты