Бишкек шаарында ката жазылган жарнамалык такталар алынууда

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан бекитилген дизайндын талаптарына жана кыргыз тилинин ченемдерине туура келбеген, ката жазылган көчө аталыштары кездешүүдө.

Ушуга байланыштуу борбор шаардын мэриясы көчө аталыштары текшерилип, бекитилген дизайнга ылайык келтирүү, катаны оңдоо, мыйзамсыз орнотулган жарнамалык такталарды алуу боюнча текшерүү жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы мыйзам талаптарын сактоого чакырат жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде гана жазыларын эске салат.

Бардык көчө аталыштары расмий түрдө бекитилген дизайн-коддун талаптарына жана кыргыз тилинин ченемдерине ылайык орнотулушу зарыл.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты