Ашууларда жол ачык

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 9-январда, саат 10:30 го карата, республиканын негизги ашууларында жол кыймылына эч кандай чектөө жок. Жол кырдаалы туруктуу болуп, бардык багыттарда каттамдар камсыздалууда.

Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн ачык, жол ачык. Каракол–Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда күн ачык жана каттам бар.

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн ачык, каттам бар.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

Транспорт министрлиги айдоочуларга кышкы жол шарттарын эске алып, унааңызды кышка даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандар менен камсыздап, аралыкты сактап унаа башкарууну эскертет.

Иллюстрациялык сүрөт: mtd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты