Ашууларда кар көчкү жүрүшү күтүлөт
- 2 недели мурун
Өзгөчө кырдаалда министрлигинин (ӨКМ) Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык бүгүн, 2-февралдан 4-февралга чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарында, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Тоолуу тилкелерде кар күрткүсү күтүлүп, жолдордо тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Сиз кандайдыр бир кырсыктын күбөсү же ага кабылып калсаңыз «112» кызматына токтоосуз кабарлаңыз. Кызмат күнү-түнү кабыл алат жана акысыз.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




