Ашуудагы жолдордо унааларга чектөө алынды.  Жол тынымсыз тазаланууда

  • 1 месяц мурун

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.

Бүгүн, 9-декабрь саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары менен Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда тазалоо жүрүүдө. Буга чейин киргизилген оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Кыргызгидромет кызматынын буга чейинки маалыматына ылайык, 9–10-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда жаан-чачын күчөшү күтүлүүдө.

Сүрөт: Транспорт министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты