Арзыбек Кожошев жана Бахыт Султанов «Ак-Тилек» көзөмөл пунктунда жолугушту

  • 2 года мурун

24-апрелде «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары   Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов жолугушту.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар аталган өткөрүү пунктунун иши менен жеринде таанышты. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жүк ташуучу унаалардын топтолушуна байланыштуу кырдаал жөнгө салынгандыгына күбө болушту.

Алар ошондой эле «Ак-Тилек» (Кыргызстан) — «Карасу» (Казакстан) өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Арзыбек Кожошев жана Бахыт Султанов «Ак-Тилек» көзөмөл пунктунда жолугушту
Сүрөттөр: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын узун кезеги түзүлгөн. 20-апрелге карата төрт өткөрмө бекетте 300дөн ашык фура топтолуп калган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун сүйлөшүүсүнөн кийин кезек кыйла азайган. Казакстан электрондук эсеп-фактура жана товарлардын транзити болгон учурда текшерүү жүргүзбөөгө макул болгон. Ошол эле маалда кыргыз тарап электрондук документтери жок фураларды өткөрбөөгө милдеттенме алган.

Товарлардын тиешелүү электрондук эсеп-фактурасы жок фураларды казак тарап артка кайтарат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты