Арыз ээсинин 140 миң долларын алдап алып кеткен. Шектүү кармалды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
12-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына (ИИБ) М.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылып, К.А.га мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Бул тууралуу Биринчи май райондук ИИБ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, К.А. июнь айында башка мамлекеттен товар алып келүү жана аны сатуу боюнча убада берип, арыз ээсинин 140 миң АКШ долларын алган. Бирок товарды алып келген эмес жана акчаны да кайтарган эмес.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-(Алдамчылык) беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон.
Шектүү 1982-жылы туулган К.А. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Ал Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: Биринчи май ИИБ
Муну бөлүшүү




