Алдамчылыкка шектүү АКШдан алынып келинди

  • 1 неделя мурун

Башкы прокуратура Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгында, эл аралык издөөдө жүргөн алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого шектүү А.А. Кыргыз Республикасына алынып келинди. Ал тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта айтылгандай Кыргыз Республикасынын жараны А.А. жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алууга айыпталууда. Ал 15 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирүүгө шектелүүдө.

Сүрөт: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты