Аламүдүн районунда жер тилкелерин сатуу алдамчылыгына шектүү жаран кармалды
- 1 месяц мурун
Чүй облусунун Аламүдүн районунда жер тилкелерин сатууга байланыштуу алдамчылыкка шектүү кармалды.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИББ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 11-декабрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2020–2022-жылдар аралыгында И.С. аттуу жаран ага Аламүдүн районунун Ленин айылында жайгашкан 0,04 га айыл чарба багытындагы жер тилкесин документтери жок сатып, кийин документтерди бүтүрүп берүүгө убада кылганын, бирок милдеттенмелерин аткарбаганын билдирген.
Мындан тышкары 2022-жылы И.С. арыз ээсине Аламүдүн районунун Константиновка айылында жайгашкан турак үй курууга арналган 0,08 га жер тилкесин да тиешелүү документтерсиз сатып, алган милдеттенмелерин аткарбаганы аныкталган.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында арыз ээсине жалпы суммасы 29 000 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1993-жылы туулган жаран И.С. аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө учурунда анын Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун аймагында дагы ушуга окшош эки кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.
Шектүүнүн Чүй облусунун башка райондорунда дагы ушуга окшош кылмыштарды жасоого тиешеси текшерилүүдө.
Сүрөт: Чүй ОИИББ




