“Артка жол жок!” Садыр Жапаров 12 жылдык билим берүү көйгөйлөрү тууралуу   

Окуучулардын көптүгү, мугалимдердин тартыштыгы жана жаңы окуу куралдарынын жетишсиздиги 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу деген сындар айтылууда. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берди.  

-Бул көйгөй 12 жылдык окууга өтүү менен байланыштуу деген туура эмес. Мындай маселе 12 жылдык билим берүүгө чейин эле болуп келген. Мурунку жылдары 140-150 миң бала мектепке кабыл алынса, быйыл 1-2-класстарга 227 миң бала кабыл алынды — бул эки эсе өсүш. Буга чейин деле “нулевой” класска бир жыл бою 100 миңдин тегерегинде бала окуп келген. Негизги жүк Бишкекке түшүп жатат. Бул ички миграция жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн туруктуу каттоонун жоктугу менен байланыштуу,- деп президент.  

Курулуш инвестициялары биринчи кезекте Бишкекке багытталат

-Жаңы мектептерди куруп, келечектеги курулуш инвестицияларын биринчи кезекте Бишкекке багыттайбыз. Иштеп жаткан мектептерди кеңейтип жана оңдоп жатабыз, убактылуу кошумча класстар бала бакчаларда ачылууда.

Мисалы, Маликов көчөсүндөгү мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак үйлөр жактагы мектепте окуучулар өтө көп болгондуктан, ошол жерге жаңы мектеп салынганча 700 орундуу класстар МИКтин үйлөрүнүн биринчи кабатына убактылуу уюштурулду.

Мэрия менен бирге бош турган имараттарды окуу пункттарына багыттагыла деп тапшырма бердим. Ата-энелерге мектепти жашаган жерине жараша тандоону сунуштагыла деп жатам. Окуу деңгээли бардык мектептерде теңделип калды, баланы шаардын бир четинен экинчи четине ташуунун кереги жок.

2025-жылы республика боюнча 119 билим берүү объектиси бүткөрүлдү, алардын ичинен 68 мектеп жана 27 бала бакча курулду, ошондо дагы Бишкек шаарында мектептер тартыш.

Депутаттардын добуш алуусу үчүн мектеп салуу токтотулат   

-Мындан ары депуттаттардын добуш алуу үчүн салган мектептерди токтотобуз.

Мисалы бир айылда сонун эле мектеп турса жанына экинчи корпусту салдыра салган фактылар болуптур. Ошол эле учурда кошуна айылда мектеби жараксыз. Мындан ары агартуу министрлигинин гана сунушу менен балдардын, калктын өсүү динамикасын эске алуу менен салабыз.

Болбосо, айрым жерде бала аз жерге салынса, керектүү жерлерге салынбай келген. Чоң мектептерди салып алып, аларда же бала толбойт же мугалим жетпейт.

Негизинен 12 жылдык билим берүү имаратка көз каранды эмес. Бул – дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келген стандарттар, программалар, окуу китептери.

Албетте биринчи, экинчи жылдары кыйынчылыктар болот. Бара-бара түздөлүп кетет. Анткен менен биз дүйнөлүк стандартка өтүп алдык. Өзү негизинен 15-20 жыл мурда эле өтүшүбүз керек эле, -деди мамлекет башчы.

“Мугалим жетишпеген учурлар бар”

 Азыр өлкө боюнча 93 миңден ашык мугалим эмгектенүүдө, алардын ичинен 87 миңден көбү мамлекеттик мектептерде. Албетте, мугалим жетишпеген учурлар бар. Себеби эмгек акынын аздыгы, бирок бул көйгөй акыркы жылдары кыйла азайды.

Маселен, мага берген маалымат боюнча быйылкы окуу жылдын башында мугалимдер жетишпестиги 947ни түздү, мурдагыдай 2,5 миң эмес. Бул – биздин системалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы. Эмки жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдер менен медиктердин эмгек акысын көтөрөбүз. Ошондон кийин бул көйгөй чечилет.

Мындан сырткары, жыл сайын педагогикалык жогорку окуу жайлар менен колледждерден миңден ашуун жаңы адистер чыгууда. Алардын басымдуу бөлүгү мектептерге жөнөтүлөт. Ошондой эле балдар бакчасынын тарбиячыларын башталгыч класстарга тартуу, студенттерди дуалдуу билим берүү аркылуу мектепке эрте аралаштыруу сыяктуу чаралар көрүлүүдө.

Мугалимдердин жетишсиздиги маселеси чечилет. Жогорку окуу жай министрлигине тапшырма бердим. Акыркы курстагы студенттер узак мөөнөттөгү практикага барып айлык дагы алып иштейт.

Чындап келсе мугалимдин жетишпестиги дүйнө боюнча проблемага айланууда.

“Учкун” басмаканасынан сапаттуу, талапка жооп берген окуу китептери чыгат. Азыр эң мыкты делген дүйнөлүк алдыңкы китептерди сатып алууга, адаптация кылууга, мамлекеттик менчикке айландырууга кудуретибиз жетет.

Көп жылдардан бери биринчи жолу туруктуу каржылоо киргизилди: жаңы муундагы окуу китептерин массалык чыгарууга 744 млн сом бөлүндү. Биз жаңы программалар жана мамлекеттик билим стандарттарына ылайык 1–2 жана 5–7-класстар үчүн толук комплекттерди түзүп жатабыз.

Менде бар маалыматка караганда, 3–9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери басылып, өлкө боюнча бардык мектептерге жеткирилди. Учурда 1, 2, 5, 7 — класстар үчүн «Математика» жана «Табият таануу. Мен жана дүйнө» китептери басылып жатат, -деп айтты Жапаров «Кабар» агенттигине 18-сентябрда берген маегинде.

Кечээ, 17-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев мектептер 12 жылдык билим берүүгө даяр болбой туруп, бул системага өтүп кеткенин билдирди.

Мектептердерде мугалимдер, окуу китептери, инфраструктура жетишсиз, 12 жылдык билим берүүгө даяр эместигин билдирди. Буга чейин агартуу министрлиги мектептер 12 жылдык билим берүүгө даяр экендигин айтып келген.

Дастан Бекешев мектептерге, балдар бакчаларына жардам берем деген ишкерлерди салыктан бошотууну сунуштады.

«Эң биринчи сунуш: мектептерге жардам берейин деген ишкерлерди салыктан бошотолу, Экинчи сунуш; өтө муктаждарга имаратты ижарага алалы. Үчүнчү сунуш: агартуу министрлиги онлайн мектептерге уруксат беришсин» деди депутат Дастан Бекешев.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты