Артем Новиков орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп кайра дайындалды

  • 2 месяца мурун

Артем Новиков мурдагы кызматынан бошотулуп, орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы болуп 2024-жылдын 21-майынан тартып, 3 жылдык мөөнөткө дайындалды.  

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун Минкаб басма сөз кызматы билдирди.

Мындан үч жыл мурда, 2021-жылы Артем Новиков үч жылдык мөөнөткө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалган. Ал экономика министри, вице-премьер-министр кызматтарында иштеген.

Сүрөт: april.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты