​Артем Новиков кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Артем Новиков үч жылдык мөөнөткө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Артем Новиков мурда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Жаңы кызматка баргандыгына байланыштуу төраганын биринчи орун басарлыгынан бошотулду.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык, Аалиев Азиз Кубанычбекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты