Арстан Алайдын өлүмү: Укук бузуулар жана суроо жараткан жагдайлар (Фактчекинг)

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, ал №31 дарылоо мекемесиндеги ашканадан асылган абалда табылган. 

Арстан Алайдын өлүмү социалдык тармактарда түрдүү пикирлерге жол ачты. Кээ бирлери анын өз өмүрүнө кол салганын айтышса, башка  интернет колдонуучулары соттоло элек адамды колонияда кармоо мыйзамсыз болгонун билдиришкен. 

Арстан Алайдын өлүмү: Укук бузуулар жана суроо жараткан жагдайлар (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы Арстан Алайдын камалышынын мыйзамдуулугун жана суроо жараткан жагдайларды текшерип көрдү.

Арстан Алайдын кармалышы

13-декабрда милиция Арстан Алайдын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат таратып, издөө жарыялаган.

Арстан Алайдын өлүмү: Укук бузуулар жана суроо жараткан жагдайлар (Фактчекинг)

Көп өтпөй, 15-декабрда дайынсыз жоголгон Арстан Алай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканы маалым болгон. 

Атайын кызмат Арстан Алайды диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын билдирген. Ал “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деп шек саналган.

Арстан Алайдын өлүмү: Укук бузуулар жана суроо жараткан жагдайлар (Фактчекинг)

Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “Жаңы кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндер жана ишенимдер туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени белгиленген.

“Кылмыш ишин козгоого А.Абдылдаевдин “Facebook”, “Instagram” жана “YouTube” социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген”, — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Бишкектин Октябрь райондук соту Арстан Алайдын бөгөт чарасын 16-декабрда карап, 15-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Чечимге  ылайык, Арстан Алай Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына жөнөтүлгөн.

Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, Арстан Алайга “инсандын аныкталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация” деген диагноз коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен №31 түзөтүү мекемесине которулган.

Арстан Алай аталган мекемеде асынган абалда табылгандан кийин анын кызы Аксана Арстанбекова атасынын саламаттыгы жакшы болгонун айтып, эмне себептен №1 абактан №31 түзөтүү мекемесине которулганы сыяктуу ар кандай шектүү жагдайлар көп болуп жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, Арстан Алай буга чейин 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон.

Диний кастыкты козутуу беренеси жана мыйзам 

Арстан Алайга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) кылмыш иши козголгон. 

Аталган берене боюнча айыпталуучу күнөөлүү деп табылса, беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле, 1000 жана 2000 эсептик көрсөткүчтө айып пул салуу да каралган.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Арстан Алай Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 528-беренесине ылайык, “Адамды убактылуу кармоо” тууралуу жагдайлар көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, тергөө иштерин улантуу үчүн прокурордун макулдугу менен шектүү 30 суткага убактылуу кармоочу жайга киргизилет. 

Арстан Алайдын өлүмү: Укук бузуулар жана суроо жараткан жагдайлар (Фактчекинг)

Кыргыз Республикасынын “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, кылмыш кылууга айыпталып кармалгандар жазасын өтөп жаткан соттолгондордон бөлөк кармалышы керектиги жазылган.

Арстан Алайдын өлүмү: Укук бузуулар жана суроо жараткан жагдайлар (Фактчекинг)

Ал эми Арстан Алайдын тергөө иштери уланып жатканда убактылуу кармоочу жайга эмес, Бишкектеги  №1 түзөтүү  колониясына андан кийин №31 түзөтүү мекемесине жөнөтүлгөнү жарандарда суроо туудурган. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына жазып “Тергөө иштери уланып жатканда Арстан Алай кантип колонияда болуп калган?” деп суроо узаткан.

Белгилей кетсек, Бишкектеги №1 колониясында ар кандай кылмышы үчүн соттолгон адамдар кармалат. “Кабар”мамлекеттик маалыматтык агенттигинин маалыматына ылайык, аталган колонияда убагында Садыр Жапаров кармалып турган. 

“Арстан Алай каза болду!” эки жума мурда тараган кабар жана колониядагы башка өлүмдөр

23-декабрдп YouTube’дагы “kg Мэри” аттуу каналда “АРСТАН АЛАЙ АБАКТА КАЗА БОЛДУ 23.12.2023” аттуу видео жарыяланган. 

Арстан Алайдын өлүмү: Укук бузуулар жана суроо жараткан жагдайлар (Фактчекинг)

Анда Арстан Алайдын көзү көгөргөн сүрөтү коюлуп, коштошуу каты окулган.

“kg Мэри” Ютуб-каналында видеолор алты жыл мурда жарыялана баштаган. Көбүнчө кыргыз эстрада ырчыларынын жеке жашоосу жана клиптери жарыяланып турат.

Аталган каналда жалпы 107 видео болсо, акыркы үч жума ичинде Арстан Алай тууралуу жети видео жарыяланган. Арасында “Арстан Алай абактан кийин мусулман болду”, “Арстан Алай шоу бизнес дүйнөсүнө аттанды” деген фейк видеолор болгон.

Белгилей кетсек, Арстан Алайдын өлүмү Кыргызстандагы абактарда катталган биринчи учур эмес.

Буга чейин 2022-жылы саясат таануучу Марат Казакпаев “Мамлекетке чыккынчылык кылган” деп шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагына киргизилген. Кийинчерээк ал ооруканага түшүп, комада жаткан жеринен каза болгону айтылган. Мындан сырткары, кыйноолордон улам абакта каза болду делген учурлар да бар.

Жыйынтык: Арстан Алайды камоодо мыйзам бузулганы чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты