Арстан Алайдын өлүмү боюнча Юстиция министрлиги комиссия түздү

  • 7 месяцев мурун

Юстиция министрлиги Арстанбек Абдылдаевдин(Арстан Алай) өлүмү боюнча комиссия түзгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, комиссия колдо болгон бардык материалдарды, анын ичинде Арстанбек Абдылдаевдин өз алдынча кыймылынын фактыларын көрсөткөн видеокамералардагы жазууларды жана суициддик жүрүм-турумдун белгилерин да изилдеп жатат.

Тиешелүү материалдар тергөөгө чейинки стандарттык жол-жоболордун алкагында толугу менен ачылып, тиешелүү органдарга берилет.

Арстанбек Абдылдаев(Арстан Алай) 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болгону белгилүү болгон. Жазаларды аткаруу кызматы Арстан Алай деген ат менен таанылган Арстанбек Абдылдаевдин асылган абалда табылганы тууралуу маалымат таратты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты