Арстан Алай президенттикке талапкерлигин көрсөттү
- 7 лет мурун
- Иликтөөлөр
Арстанбек Абдылдаев президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдон кабарлашты.
Өзүн өзү талапкерликке көрсөтүп жаткан 49 жаштагы Арстанбек Абдылдаев “Аурдин” ишканасын жетектейт.
Ал Арстан Алай деген ат менен да белгилүү. 2011-жылкы президенттик шайлоого катышкан. Ошол эле жылы кеңири коомчулукка «Зима не будет» (“Кыш болбойт”) деген сөздөрү менен таанылып, интернетте кызуу талкуу жараткан.
Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!