Арменияда нааразылык билдиргендер арасынан полиция 200гө жакын кишини кармады

Армениянын борбор шаары Ереван баштаган бир катар аймактарында өлкөнүн премьерминистри Никол Пашинянга каршы «жарандык баш ийбөө акциялары» өтүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» армян кызматы кабарлады.

Полиция акциянын 200гө жакын катышуучусун кармаганын ТАСС агенттиги Армениянын Ички иштер министрлигине (ИИМ) шилтеме кылып кабарлады.  

Чогулган жарандар нааразылык ураандарды кыйкырып, көчөлөрдү автоунаа жана таштанды челектер менен тосуп жатышат. Маалыматка караганда, акция катышуучулары Иранга бара турган трассаны бууп, жүк ташуучу унаалар менен Ереван-Армавир автожолун тосуп алышты. Акцияларды «Элдик фронт» аттуу нааразылык кыймылы координация кылууда.

Ал арада армян полициясы митингчилерди кармай баштаганы кабарланып, анын жүрүшүндө бери дегенде эле 197 активист кармалганы айтылды. Алардын арасында Армения парламентиндеги оппозициялык фракциянын депутаты Ашот Симонян да бар.

Нааразылык акциясына чыккан адамдар Азербайжан менен чек ара макулдашуусуна каршылык билдирүүдө. Анда Ереван Бакуга чек арадагы төрт айылды өткөрүп берүүнү убадалаган.

Бул жолку акциялардын уюштуруучусу, архиепископ Баграт Галстанян катышуучулардын атынан премьер-министрдин отставкасын талап кылууда.

Нааразылык акциялар Азербайжан менен чектеш айылдарда да өтүп жатат. Тавуш облусунун тургундары аймактагы төрт айыл Азербайжанга берилгенден кийин «үй-жайсыз калышыбыз мүмкүн» деп кооптонуп жатышканын билдиришти. Жашоочулар Ереванды көздөй жүрүшкө чыгып, жолдо аларга Азербайжан менен чек ара макулдашуусуна каршы болгон миңдеген адам кошулду.

Армениянын Колдонмо саясат институтунун илимий кызматкери Сергей Мелкояндын айтымында, кеп армян-азери чек арасындагы кагылышуулардан улам 1980-жылдардан бери эч ким жашабаган айылдар жөнүндө болууда. Алар эки өлкө армиясынын ортосундагы нейтралдуу аймакта жайгашкан. Митинг катышуучулары Азербайжандын кысымынан жана жаңы согуштун тутанышынан кооптонуп, айылдарды бир тараптуу өткөрүп берип жаткан Пашиняндын өкмөтүнүн позициясына кыжырданууда.

Нааразылык акциялардын уюштуруучусу, архиепископ Баграт Галстанян — 2015-жылдан бери Тавуш епархиясынын башчысы. Анда Канаданын да жарандыгы бар болгондуктан, ал премьер-министр кызматына талапкер боло албайт. Армениянын Тавуш облусу Азербайжан менен чектешет.

Бул акцияларды оппозиция да колдоп жатат. Бирок өкмөт премьер-министрге импичмент жарыялоо процедурасын бул демилгени парламенттин үчтөн бири же 36дан кем эмес депутат колдосо гана баштай алат. Парламенттеги оппозициялык эки фракция биригип, болгону 35 гана добушка ээ.

Башкаруучу «Жарандык макулдук» партиясы чиркөөнүн катышуусу менен «мамлекеттик төңкөрүш жасоо» процесси түзүлүп жатканын билдирүүдө.

Ал арада Армениядагы нааразылыктардын фонунда тынчтык келишиминин негизги маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Казакстанда армян жана азери тышкы иштер министрлери жолугушту.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты