Ардагер генерал-майор, экс-депутат Бейше Молдогазиев дүйнөдөн өттү
- 1 месяц мурун
2025-жылдын 15-мартында милициянын отставкадагы генерал-майору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Бейше Молдогазиев 85 жашында дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу ички иштер министрлиги (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Бейше Молдогазиев 1940-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында туулган. Тянь-Шань районунун Оттук айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин, өз айылында эки жыл иштеп, 1959-жылы Фрунзе шаарындагы дене тарбия институтуна тапшырган. 1961-жылы Москва шаарынын мамлекеттик дене тарбия институтуна которулган.
Окуу жайды аяктагандан кийин 1963-1964-жылдары Нарын шаарындагы балдар спорт мектебинде иштеген. Ошол убакыттан бери Бейше Молдогазиев өмүр бою өзүн элге кызмат кылууга арнаган. Ал комсомолдук, партиялык, өкмөттүк, коомдук иштерде жооптуу кызматтарды аркалаган.
Иштеп жүрүп, Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, экономист адистигине ээ болуп, Алматы жогорку партиялык мектебин аяктаган.
1983-1993-жылдары республиканын Ички иштер органдарында кызмат өтөгөн, саясий бөлүмдүн башчысы жана Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган.
Ички иштер министрлиги Бейше Молдогазиевдин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Бейше Молдогазиевди акыркы сапарга узатуу аземи 2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында өтөрү кабарланды.
Сүрөт: Интернет булактарынан