«Арча-Бешик» жаңы конушунда балдар бакчасы курулууда

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын «Арча-Бешик» жаңы конушунда 180 орунга эсептелген балдар бакчасы курулууда.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев «Арча-Бешик» конушундагы жаңы бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты. Бүгүнкү күндө сырткы инженердик түйүндөрдү тирөөчү дубалдарды тургузуу жана орнотуу аяктап, 1-кабаттын дубалдары көтөрүү, монолитти куюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бала бакча өткөн жылы курула баштаган. Быйыл пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Балдардын мектепке чейинки мекемелери шаардык бюджеттен каржыланат

Курулуш иштерин «КББ» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты