«Арча-Бешик» конушунда суу төлөмү кайра эсептелди
- 1 год мурун
Июнь айында «Бишкексууканал» «Арча-Бешик» жаңы конушунун 5504 абонентинин убактылуу ичүүчү суусу жок болгон мезгили үчүн төлөмдөрүн кайра эсептеп чыкты.
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 5 504 абоненттин ичинен 1 400ү чарбасындагы түнкү сугаруу кызматына төлөгөн. Бул каражаттар муздак суу жана канализация үчүн келечектеги абоненттик төлөмдөргө которулат.
Суроо жана кошумча маалымат алуу үчүн 1533 кыска номуруна кайрылууга болот.
Маалымат үчүн: «Арча-Бешик» конушунда 7072 абонент жашайт. Кайра эсептөө 5504 абонентке жүргүзүлгөн. Ал эми калган 1568 абонентке ичүүчү сууга чектөө киргизилген эмес.
Буга чейин Арча-Бешик жаңы конушунда суу тартыштыгы жаралган. “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришкендей, таза суу менен камсыздоо жакшырганга чейин Арча-Бешик конушуна ичүүчү сууну берүү графикке ылайык жүргүзүп келет.