Араван районунда айылдык кеңештин депутаты мыйзамсыз кумаркана уюштурууга шектелүүдө
- 3 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. тарабынан мыйзамсыз кумаркана уюштурууга шектелүүдө.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, аталган жарандар Ош облусунун Араван районундагы Жар-Кыштак айылында тиешелүү уруксат кагаздарын албай жана мамлекеттик бюджетке салык төлөбөстөн, көмүскө кумар ойноочу жай уюштурушкан.
Мыйзамсыз оюн жайы жайгашкан дарек боюнча жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө интернет-казинолорго кирүү үчүн колдонулган 11 даана компьютер, 400 миң сом жана кумар оюндарын уюштурууда пайдаланылган башка буюмдар табылып алынды.
Топтолгон материалдардын негизинде Х.Ш. жана С.Ш. кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү («Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу») боюнча айыпталып, 2026-жылдын 19-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




