Арал капчыгайына кетип, дайынсыз болгон орусиялык эки жаран изделүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 16-октябрда, саат 07:25те Ысык-Көл районунан үч куткаруучу дайынсыз болуп жаткан орусиялык жарандарды издеп кетишти.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 15-октябрда, Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Орусиянын эки жараны байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган капчыгайга Ысык-Көл районунан төрт куткаруучу унаа менен чыккан. Болжолдуу жайгашкан даректен аталган эс алуучуларды табышкан эмес. Мындан улам жерге жарык киргенде издөө-куткаруу ишин улантуу үчүн болжол менен саат 4тө кайтып келишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты