«Ар бир жаранда Айкөл Манастын деми болсун».  Президенттин куттуктоосу  

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 4-декабрда, президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады.

“Кызыл байрагыбыз, гербибиз жана гимнибиз мамлекеттин символдору болсо, «Манас» эпосу – улуттук иденттүүлүктүн символу. Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан түптүү кыргыз журтунун элдүүлүгү, биримдиги улуу “Манас” дастанында кашкая таасын айтылган. Ал эми көп этностуу Кыргызстандын улуттук идеологиясынын башаты дал ушул улуу биримдиктен угут алат” деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

“Дүйнө өзгөрүп, дүрбөлөңдүү чакырыктар жаңырып турган маалда дүйнө элдери тарыхы менен өтмүшүнө кайрадан баш багып, өнүгүү багытына өзөк, руханий баалуулук издөөгө батыл киришти. Кудайга шүгүрчүлүк, улуу дастаныбызда бүткүл кыргыз элинин тарыхы менен тагдыры, нарк-насили менен каада-салты, турмуш-тиричилиги менен маданияты жуурулушуп, кылымдар бою аздектеген түп мүдөө-тилеги укмуштуудай чагылдырылган. “Башканы коюп “Манасты” айт” деп бекеринен айтылып калбаган чыгар, биздин башат алчу идеологиябыз, таяныч болуп такала турган өзөгүбүз, улуттук улуу рухубуз дал ушул “Манасыбызда”!

Мына ошондуктан 2022-жылдын 22-апрелинде “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) ар тараптуу изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон элем. Буга удаа эле, 2022-жылдын 28-сентябрында “Манас” эпосун илимий багытта изилдөөгө, популярдаштырууга ар тараптуу зарыл шарттарды түзүү боюнча Жарлык менен “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси “Манас” улуттук академиясы болуп өзгөртүлүп кайра түзүлдү. Бул кадамдар “Манас” эпосу боюнча мындан да келечектүү жана мазмундуу ар тараптуу изилдөө иштерин жүргүзүүгө өбөлгө түзүп бере алат деп терең ишенебиз.

Кадырлуу калайык-журт! Уюткулуу журтубуздун улуттук рухунун насилин чагылдырып турган “Манас” эпосунун күнү менен жалпы кыргызстандыктарды дагы бир жолу куттуктаймын.

Мааниси бийик, шааниси ыйык “Манас” эпосу жаркын келечекке үндөөчү руханий өзөк катары кызматын аркалай берсин! Ар бир кыргыз жаранында Айкөл Манастын деми болсун!” деди мамлекет башчы кайрылуусунда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты