Мектеп формасын өзгөртүүсүз калтыруу чечими чыкты
- 1 месяц мурун
Жумушчу топ бирдиктүү мектеп формасы боюнча мугалимдер, ата-энелер, окуучулар, эксперттердин ж.б. пикирлерин эске алып, жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасын мурдагыдай эле, өзгөртүүсүз калтырылды.
Кыздар үчүн мектеп формасы
Кыздар үчүн мектеп формасы: классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак.
Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кара-кызыл) тигилет.
Балдар үчүн мектеп формасы
Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы көйнөк, жилет, шым жана пиджак.
Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.
Буга чейин коомчулукта айрым сын пикирлер айтылып келген, депутат Дастан Бекешев мектеп формасын бир нече ирет сындап, аны өзгөртүү керектигин билдирген.
Ошондон улам Агартуу министрлиги тарабынан мектеп формасы боюнча айтылган сунуштарды карап чыгуу үчүн 2026-жылдын 23-апрелинде атайын жумушчу топ түзүлгөн.
Сүрөт: Агартуу министрлиги




