Ар бир молдого айлык төлөнө баштайт. Президент ал каражат кайдан келээри тууралуу
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров III Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, 2025-жылдын март айынан тартып мечит имамдарына айлык акы төлөнө турганын билдирген. «Кабар» агенттигине берген маегинде мамлекет башчы ал каражаттар кайдан алынаарын айтты.
—Келе жаткан жылдын март айында ар бир айылдын молдосуна 8 миң сомдон бериле баштайт. Ал эми жылдын аягына барып ар бир айылдын молдосу 20 миң сомго жакын айлык ала башташат. Бул каражаттар бюджеттик каражаттар эмес. Мурда муфтият тараптан көңүл бурулбаган каражат булактарын мечиттер тарапка, тагыраагы молдолорго буруп берүү жагына жардам берип жатабыз. Биз светтик өлкө катары динге кийлигишпейбиз. Дин тармагы мамлекеттик иштерге кийлигишпейт. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен акча каражатын бөлүп бере албайбыз. Бирок биз, мамлекет, колубуздан келишинче башка маселелерде муфтиятка жардам берүүгө даярбыз. Мисалы, келе жаткан жылы ар бир мечитке электрондук жашик орнотуп беребиз. Мурдагыдай садага салчу жыгач, темир жашиктер жок болот. Садаганы электрондук QR-код аркылуу телефон менен эле салып койсо болот. Акча түздөн-түз муфтияттын банктык эсебине келип түшөт. Ал акчалар кайда жумшалаарын муфтият менен Аалымдар кеңеши өздөрү чечет» деди Садыр Жапаров.
20-21-декабрда Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен үчүнчү элдик курултай өттү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан