Ар бир бала камкордукка бөлөнүүгө тийиш. Президент балдар майрамы менен куттуктады

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июньБалдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

“Бүгүнкү күндө да өлкөбүздөгү ар бир ымыркай, ар бир наристе, ар бир жеткинчек сүйүүгө, мээримге, камкордукка бөлөнүүгө тийиш. Себеби балалык кезде балдарга сүйүү, мээрим жана камкордук бөтөнчө маанилүү. Албетте, өлкөбүздө ар бир бала өзүн эркин, коопсуз сезип, сергек жана бакубат жашоодо өсүшү үчүн бардык аракеттер жасалууда. Соңку жылдары балдарга карата зомбулукка жол бербөөгө, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле балдарга кам көрүү системасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар ченемдик-укуктук актылар кабыл алынды.Мамлекеттик саясаттын учурдагы артыкчылыктары ведомстволор аралык координациялоону күчөтүү, аялуу балдарды каттоо системасын санариптештирүү, үй-бүлөгө жана коомчулукка багытталган профилактикалык программаларды жайылтуу болуп саналат” деп айтылат куттуктоодо.  

Бүгүн, 1-июнь, балдарды коргоонун эл аралык күнү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты