“Апрель баатырларынын эрдиги ар бир мекенчилдин жүрөгүндө жашайт”. Президенттин кайрылуусу

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

“Апрель элдик революциясы – ɵлкɵдɵ башкы күч эл экенин, кыргыз элинин канында адилеттик, калыстык, эркиндик үчүн ажалдан да кайра тартпай турган баатырдык мүнɵз бар экенин далилдеген кандуу окуя катары дүйнө жүзүнө тарап, тарыхыбызга ташка тамга баскандай жазылып калды.

Мамлекеттин жаркын келечеги деп кан-жанын аябай, эл мүдөөсүн орундатуу үчүн чечкиндүү кадамга барып, курман болгон баатырларыбыздын элесине таазим кылабыз. Апрель баатырларынын эрдиги ар бир мекенчил жарандын жүрөгүндө жашайт. Алардын жасаган каармандыгы биз үчүн да, келечек муун үчүн да ар дайым үлгү болуп кала берет.

Өлкө башына кайсы бийлик келбесин, элдин аруу тилегин атуулдук ариети жана иштиктүү аракети менен актоого тийиш“  деп айтылат кайрылууда.

«Коом турмушу өтө саясатташып турган бүгүнкүдөй учурда ачык-айкындуулук, акыл-эстүүлүк, сабырдуулук зор мааниге ээ. Эгерде эл ичинде биримдик, өлкөдө туруктуулук болбосо, калк турмушу оңолбойт. Эң башкысы элибизде ынтымак, ишеним жана бири-бирибизге колдоо болсо, алдыбызга койгон бийик максаттарга жетээрибизге терең ишенем» деп белгиледи мамлекет башчы.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. 

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты