Апийим сабагы түрүндөгү баңгизатты мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду

  • 6 месяцев мурун

“Манас” эл аралык аэропорту аркылуу туруктуу контрабандалык баңгизаттарды ташып келүү иштери аныкталып, жок кылынды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.  

Кыргыз Республикасынан жеке ишкерлер жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу схемасын уюштурушканы аныкталды.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан “Манас” аэропортунун бажысы менен бирге жалпы салмагы 24 тонна 350 кг кондитердик апийим түрүндөгү жүк, анын ичинде болжол менен 7-8 тонна көкнар (апийим сабагы) аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Жогорудагы фактылардын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн өзгөчө эрежелери белгиленген буюмдарды контрабандалык жол менен алып өтүү) боюнча Кыргызстандын эки жараны жана коңшу өлкөнүн жараны кармалды.

Алынган баңгизаттар тиешелүү органдарга экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты