Анык эмес маалымат үчүн айып салуу долбоору биринчи окууда жактырылды
- 2 месяца мурун
Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору боюнча ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат берди.
Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен интернет тармагында, сайтта, социалдык тармактарда коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган анык эмес, жалган маалыматтарды жайгаштыруу, жайылтуу үчүн жоопкерчилик кароо сунушталат.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Эльдар Абакиров сунушталып жаткан ченемдер КР Конституциясына, күнөөсүздүк презумпциясына каршы келерин белгилеп, «анык эмес, жалган» деген сөздөр конкреттештирүүнү талап кыларын кошумчалады.
Дастан Бекешев да жалган маалыматты аныктоо механизмдерине токтолду. Жалган маалыматка айып салуу боюнча мыйзам долбооруна ким кандай добуш бергенин депутат Бекешев Фейсбук социалдык тармагына жарыялады. Мыйзам долбооруна биринчи окууда депутаттар Сеид Атамбаев менен Дастан Бекешев каршы добуш берген.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, канча айып салуу керектигин милиция аныктап, сот жеке адамдарга 20 миң сомдон, юридикалык жактарга 65 миң сомдон айып сала баштайт

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан