Антикризистик комитет түзүлдү

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин чечими менен социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Антикризистик комитеттин негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.

Антикризистик комитеттин жетекчиси болуп  Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрация жетекчиси Акылбек Жапаров бекитилди.

Антикризистик комитеттин курамына тиешелүү мамлекеттик органдар жетекчилери кирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты