Антальяда Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду

  • 2 года мурун

Түркиянын Анталья шаарында Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду. Бул тууралуу TRT түрк басылмасы  билдирди.

Андагы маалыматта айтылгандай, Муратпаша муниципалитетине караштуу Гүзелоба районунда жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы паркта дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусунун айкели азем менен ачылды

Айкелдин ачылышына аталган муниципалитет вице-мэри Хүсейин Сары, Кыргыз Республикасынын маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Урмат Усөнов, Түрк дүйнөсү платформасынын төрагасы Мустафа Йылмаз, Түркия жана Кыргызстандан көптөгөн коноктор катышкандыгы белгиленди.

Айкелди скульптор Бообек Арыков жасаган.

Сүрөттөр: TRT.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты