Кыргыз Республикасынын баатыры, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели тургузулду

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели ачылды.

Айкелдин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият ишмерлери, залкар жазуучунун замандаштары, шакирттери жана окурмандар катышты.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.

Түгөлбай Сыдыкбековдун алгачкы поэзиялык жыйнагы «Күрөш» деген ат менен 1933-жылы жарыкка чыккан.

Сыдыкбеков “Манас” эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошуп, «Манас» – «Сейтек» эпосунун жыйынтыкталган вариантынын үч томдугунун үчүнчү бөлүгүн редакциялаган жана басмага даярдаган. 1960-жылы басылып чыккан «Кыргыз совет адабиятынын тарыхый очерктеринин» башкы редактору болгон.

«Манас жана Алмамбет» эпикалык драмасын (1942-ж.) (К.Рахматуллин менен авторлош), «Күчтүү жүрөк», «Канжар», «Кыштак кожоюндары» аттуу пьесаларды жазган.

Анын “Көк асаба” романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон. Автобиографиялык жана тарыхый “Жол” (1982), “Бел-белес” (1996) романдары кыргыз эли тарабынан жылуу кабыл алынды. “Мезгил сабактары”, “Табылга” (1992), “Мен миң жыл жашадым” деген китептери окурмандарын тапты.

Т.Сыдыкбеков А.С.Пушкиндин, Н.А.Некрасовдун, Д.Бедныйдын, А.П.Чеховдун, А.Серафимовичтин, М.Шолоховдун ж. б. чыгармаларын кыргызчага которгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты