Анталия шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу негизделди

  • 3 года мурун

Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу негизделди. Тиешелүү жарлыкка, бүгүн, 18-октябрда президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Чечим Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын региондору менен ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Расмий маалымат боюнча, Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп, жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты