Анкарада Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери кызматташтыкты талкуулашты

  • 2 года мурун

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери 1-мартта аскердик-техникалык кызматташуу жаатында жол картасына кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Түркиянын коргоо министри Хулуси Акардын маалымат жыйынында белгилүү болду.

«Делегация эки өлкөнүн президенттери койгон тапшырмаларды чечүү үчүн келген. Ошол планга ылайык беш жылдык стратегиялык жол картасына кол койдук. Түркиянын министри менен эл аралык аскердик саясат жөнүндө дагы терең сүйлөшүүлөр болду», — деди Бекболотов.

Түркиянын коргоо министри Кыргызстандын коопсуздугу Түркия жана регион үчүн маанилүү экенин белгилеп, жол картасында коргонуу жана коопсуздук багытында конкреттүү багыттар аныкталганын билдирген.

Ушул жылы февралда Түркия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө байланыш каражаттарын, автоунаа техникаларын жана башка каражаттарды жардам иретинде берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты