Анкара шаарында кыргыз маданиятынын фестивалы өттү
- 3 недели мурун
Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин көмөгү менен Анкарадагы кыргыз студенттеринин биримдиги жана Анкара Хажи Вели Байрам университети тарабынан уюштурулган кыргыз маданиятынын фестивалы өттү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта аИш-чарага Түркиянын ар кайсы шаарларында жана провинцияларында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, этникалык кыргыздар, түрк чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркия жарандары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Маалыматта айтылгандай, иш-чаранын алкагында Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Курманжан даткага арналган сүрөт көргөзмөсүн ачты.
Мындан тышкары фестивалдын конокторуна салттуу кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук кийимдер жана аксессуарлар, кыргыз маданиятын жана искусствосун чагылдырган декоративдик уникалдуу буюмдары тартууланды. Ошондой эле кыргыздын улуттук тамак-аштары жана суусундуктары менен дасторкон даярдалды.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы