Анара Эсенгулова комузду чет мамлекеттерде таанытууга да эмгек сиңирди  

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Эсенгулова 62 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү 12-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Анара Эсенгулованын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, өмүр жолун тизмектеди.

Чебер комузчу Анара Эсенгулова 1963-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. 1970-жылы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепке 1-класска кабыл алынган. 1978-жылы Фрунзе шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырып, 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Окуп жүргөн мезгилинде 4-курстан баштап Самара Токтакунованын окуучусу болуп, оркестрде иштеген. Ошол учурда “Акмарал” бий ансамблинде солист-комузчу болуп да эмгектенген.

Кийин Абдылас  Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында оркестрдин солисти болуп эмгектенип, Жумакадыр Каниметовдун “Ак-Мөөр” опера- дастанында “Ак бугу” чыгармасын жогорку деңгээлде аткарып, элге таанымал болгон.

Чебер комузчу “Көл баяны” баяны күүсүн чыгарган.

Күрөңкеев атындагы окуу жайында 15 жылдай кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө комуздан сабак берген.

Акыркы учурда «Түгөлбай ата» атындагы фонддо координатор болуп иштеп, кыргыз комузун пропагандалап, чет өлкөлөрдө гастролдорго чыгып жүргөн.

Анара Эсенгулова “Жаштар” сыйлыгынын лауреаты, “Түгөлбай ата” эл аралык коомунун “Кыргыз жылдыздары” коомдук медалынын ээси, “Самара Токтакунова” атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

Анын сөөгү кечээ, 12-апрелде, Балыкчы шаарында жерге берилди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты