Америкалык режиссер Риза Сандерс-Уир кыргызстандык кесиптештери үчүн мастер-класс өткөрөт

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги American Film Showcase программасы менен бирге америкалык режиссер-документалист Риза Сандерс-Уирдин «Gadget Girls» даректүү тасмасын тартуулап, жолугушууларды жана талкууларды уюштурат.

Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин басма сөз кызмвты билдирди.

20-24-июнга чейин Америка борборлорунда жана Кыргыз Улуттук, Борбор Азиядагы америкалык жана Нарын мамлекеттик университеттеринин, Кыргыз-Түрк Манас университетинин медиа, ТВ жана журналистика бөлүмдөрүнүн студенттери жана мугалимдери менен мастер-класстарды, көргөзүүлөрдү жана талкууларды уюштурат.

28 мүнөттүк Gadget Girls даректүү тасмасы жогорку класстын кыздарын илим, технология,инженерия жана математика (STEM) тармагы менен тааныштырган “GADgET” жайкы лагери тууралуу баяндайт.

Даректүү тасмада техникалык илимдерди сүйгөн жана STEM багыты боюнча насаатчылар менен иштешип, өз жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүргөн кыздар тууралуу баяндалат.

Сандерс-Уир айым ошондой эле даректүү тасма тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн жергиликтүү кинорежиссерлор үчүн семинарларды өткөрөт.

Маалыматта айтылгандай, ал тарткан тасмалар MSNBC (АКШ, Канада, Түштүк Африка жана Жакынкы Чыгышта жеткиликтүү америкалык кабелдик телеканалы), PBS (америкалык телеберүү), History, National Geographic, CNBC (бизнес жаңылыктары үчүн америкалык кабелдик жана спутниктик телеканалы), A&E, The Weather Channel жана башка каналдарда көрсөтүлгөн. Сандерс-Уирдин жазуучу, продюсер жана даректүү тасмалардын режиссёру катары эмгектери Эмми, Гюго жана Телли сыйлыктары менен белгиленген.

Кинорежиссер Чикагодогу Колумбия колледжинде телепрограммаларды даярдоо, өндүрүш жана карьераны башкаруу сыяктуу сабактарды берет. Мындан тышкары ал иликтөчү катары даректүү тасмалар, социалдык укук жана тарыхый адилеттүүлүк темаларына кызыгат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты