Алымкадыр Бейшеналиев үч бөлүм башчыны кызматтан бошотту     

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругу менен министрликтин үч  бөлүм башчысы кызматтан бошотулду.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.    

Кызматтан бошотулгандар — юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраева.

Аталган бөлүм башчылар пресс-конференцияда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушу менен чыккандардын арасында болушкан.   

Министрликтин басма сөз кызматы булар «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 37-беренеси менен (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) кызматтан бошотулганын билдирди.

Пресс-конференцияда саламаттык сактоо министринин орун басарлары Улукбек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев да министрлик Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотуу талабы менен мамлекет башчыга кайрылган.  

Сүрөттө? Алымкадыр Бейшеналиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты