Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган кыргыз жана казак акындарынын айтышынын финалы өтөт
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусунун Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кыргыз жана казак акындарынын айтышынын финалдык беттеши өтөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясатя министрлиги билдирди.
Финалдык айтыш Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда өтөт. Байге фонду — 6 миллион сом.
11-сентябрда Алай райондук маданият үйүндө казак-кыргыз акындар айтышынын жарым финалы болуп өттү.
Финалга акындар: Изат Айдаркулова, Чыңгызхан Кожошев, Асылбек Маратов, Акматбек Султан уулу, Жылдызбек Төрөканов, Алтынбек Ибрагимов, Тынарбек Бураев, Кутман Садыбакасов өттү.
Сүрөт: Маданият министрлиги
Муну бөлүшүү




