Алтынбек Жумаев Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчилигинен бошотулду
- 2 года мурун
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Алтынбек Жумаев бул кызматка 2021-жылдын декабрь айынын аягында дайындалган.
Алтынбек Жумаев Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Муну бөлүшүү