«Протоколдун тиешеси жок, менин чечимим». Губернатор Таласта Аалы Туткучевдин ырдабаган себебин айтты
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Эгемендиктин 35 жылдыгына майрамдоодо атөкмө акын Аалы Туткучевдин эмне себептен ырдабай калышына түшүндүрмө берди.
Эрмат Жумаев бул тууралуу “Азаттыкка” билдирди:
-Концерттин программасы алмашып кеткен. Өзүңүздөр деле көрдүңүздөр да, аянтта бир да акын ырдаган жок. Аянтта чет элдик артисттер келип, эстрада концерти болуп жаткандан кийин ошого кеттик. Экинчиси, “Манас ордодо” да концерт болду. Ал жерде акындардын айтышынын жыйынтыгы болуп жаткан соң, атайын акындын чыгып ырдашынын кажети барбы деген маселе жаралып калды да. Ага протоколдун эч кандай тиешеси жок, ал жеке менин чечимим, -деди губернатор.
Буга чейин айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев Эгемендик салтанатына Талас облусунун губернатору тарабынан чакырылып, бирок бир күн калганда тизмеден чийилип калганын билдирген.
Салтанатка чакырылбай калган төкмө акын өзү таластык болуп туруп, облуста белгиленип жаткан учурда чакырылбай калса да, эл чакырып, барганы тууралуу төгүп ырдаганы социалдык тармактарда тарады.
Сүрөттө: Талас губернатору Эрмат Жумаев. Интернет булактарынан




