«Алтын кен» компаниясы мамлекетке келтирилген 149 млн ашуун зыяндын ордун толтурду  

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК)  Министрлер кабинетине караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу адамдарынын тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схемасын аныктады.

Козголгон кылмыш иштин алкагында башкы прокуратура тарабынан “Алтын-Кен” ЖЧКсы жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алуу жолу аркылуу тоо тектеринин калдыктары үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн системалуу түрдө азайтып жүргөн курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К. га айып коюлган.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы суммасы 149 млн 585 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталып, ал сумма 2022-жылдын апрель айында “Алтын-Кен” ЖЧКсы тарабынан мамлекетке төлөнүп берилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты