Алты айда ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине 28 ишкана киргизилди
- 11 месяцев мурун
Ветеринардык кызматтын маалымат боюнча, жыл башынан бери Кыргызстандын аймагындагы 28 ишкана Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бирдиктүү реестрине киргизилип, жалпы ишканалардын саны 462ге жетти.
Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлги билдирди.
Мааламытка караганда, ЕАЭБдин талаптарына жооп берген бул ишканалардын арасында сүт, эт, балык, бал, канаттуу жана башка мал чарба азыктарын өндүрүп, кайра иштетүү жана сактоо менен алектенгендер бар. Тактап айтканда сүт азыктарын өндүрүүчү – 44 ишкана, сүт азыктары боюнча 18 ишкана..
Ошондой эле Кытайга экспорттоого даяр болгон 37 кыргыз ишканасы аттестациядан өттү. Алардын арасында сүт азыктары боюнча – 13, аарычылык – 12, азык-түлүк эмес мал чарба продукциялары – 9 жана балык багытында – 3 ишкана бар.
Быйыл Өзбекстандын расмий реестрине кирген дагы бир кыргыз ишканасы бул багытта иш алып барууда. Бүгүнкү күндө мал чарба продукциясын өндүрүп, кайра иштетип, Өзбекстанга экспорттоо үчүн аттестациядан өткөн кыргыз ишканаларынын саны 50гө жетти.
Мындан тышкары, Түркиянын тиешелүү органы тарабынан Кыргызстандын 12 ишканасы реестрге киргизилди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




