Бишкекте 6 айдын жыйынтыгында бюджетке 22,6 млрд сом түштү

Бишкекте алты айдын жыйынтыгында бюджетке 22,6 млрд сом түшүп, план 115,1 пайызга аткарылды. Натыйжада планда каралган көрсөткүчтөн 3,0 млрд сомго көп каражат түштү.


Бул тууралуу «Бишкек шаарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттери» тууралуу мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев баяндамасында айтылды.

Салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго өстү. Салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3 пайызга аткарылды. Натыйжада планда каралган көрсөткүчтөн 3,0 млрд сомго көп каражат түштү.

Салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго өстү. Салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3 пайызга аткарылды.

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин такталган планы 47,8 млрд сомду түзөт.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты