Алмазбек Усенов Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 30-декабрда, Алмазбек Усенов Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы билдирди.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикти буга чейин Адыл Сыдыгалиев жетектеген. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, ал башка ишке өткөндүгүнө байланышуу ээлеген кызматынан бошотулган.
Муну бөлүшүү