Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

  • 2 года мурун

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.  

Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган.
Бейшеналиевдин тарапташтары муну «чагым» деп атап жатышат. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул иш ар тараптуу иликтенерин билдирген.
41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп экинчи ирет дайындалган.

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин иши калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышты.

Сүрөттө: Алмазбек Бейшеналиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты